ЫАККТ билдирет: добуш сатып алуу боюнча иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында үй комитеттеринин төрагалары шайлоочулардын үйлөрүн кыдырып паспортторун жыйнап, КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн добуш беришсе, акча берүүнү убада кылышкандыгы айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Кара-Суу АШКна билдирилди. ЫАККТ БШК Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg