ЫЧКТ билдирет: Добуш сатып алуу жана шайлоо мыйзамын бузуу боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Г. Жуманазаровадан "Ак Бата" саясий партиясы шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Ушул жылдын 24-мартында Жуманазарова Г. саат 16.00дө "Ак Бата" конушунда шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер Түлеев Н., Кадыралиева Ы., "Ак Бата", "Ак-Жар", "Адилет", "Келечек" конуштарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүшөт.

Г. Жуманазарова ЫАККТ БШКга жөнөткөн аудио жазуу боюнча, бир аял Ак Бата конушунун тургундарына кайрылып, аларды ушул үгүт иш-чарасына катышуусун өтүнөт. Мындан тышкары, ал футбол жана курөш боюнча мелдештер уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилерин айткан. Ошондой эле кой союлуп, конуштун тургундары үчүн дасторкон жайылганын айтат. Ак Бата конушунун жашоочуларына кайрылуусунда ал шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Кадыралиева Ы.нын көрсөткөн жардамын баса белгилеген. тургундарды газ менен камсыз кылуу, ФАПка 6 бирдик медициналык кызматкерлерди бөлүү, "Ак Жар", "Ак Бата" конуштарына светофор орнотууга көрсөткөн жардамын айтат. Эгер Ы. Кадыралиева шайланып калса, шааркеңешке депутат шайланып калса, ал Ак Батанын жашоочуларына колдоо жана жардам көрсөтүүнү улантаарын билдирген.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук – kgor_cec@shailoo.gov.kg