ЫЧКТ билдирет: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнүн коркутуп-үркүтүүсү жана ШИИБнин аракетсиздиги боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Токмок шаарында жашаган "Эмгек" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ч.Сыдыковадан маалымат алып, ал “Эмгек” саясий партиясынын штабына Токмок шаарынын шайлоочуларынан “Большой” аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнүн коркутуулары жөнүндө арыздар түшүп жатканын билдирген.

Ч.Сыдыкова Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги келип түшкөн арыздарга жооп бербей, иштебей жаткандыгын белгиледи.

Маалымат КР ИИМне, Башкы прокуратурасына жиберилген.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg