Таластагы жол коопсуздугу бөлүмүнүн имаратында илинген баннер боюнча иликтөө башталды

16-сентябрда «Vesti.kg» интернет-басылмасынын сайтында «Гаишники агитируют? В Таласе на здании ОБДД повесили баннер партии «Кыргызстан»” аттуу макала жарыяланган.

Интернет-басылманын маалыматы боюнча администрациялык имаратта жана ага жакын жайгашкан аймакта рекламалык баннерлерди илүүгө болбойт.

Административдик органдардын имараттары өз функцияларын аткаруусу керектиги боюнча талаптар бузулган. Өз имаратында жана ага жакын жайгашкан аймактарга агитациялык материалдарды жайгаштыруу менен алар ыйгарым укуктарынан тышкары чыгып жатышат.

16-сентябрда бул маалымат КР ИИМге жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү