ЫЧКТ маалымдайт: жарык берүүчү шаймандарды орнотуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу С. Ивановадан маалымат алган, ал ушул жылдын 24-мартында саат 17: 00дө белгисиз беш адам Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсүндөгү дарек боюнча үйдүн короосунда жайгашкан лампа постторуна жарык берүүчү шаймандарды орнотуп башташкандыгын билдирген.

Ошол эле учурда бул адамдар үй комитеттеринин жетекчилери жана айрым жергиликтүү тургундар менен макулдашкандыгын белгилешти. Бирок, алар кайсы бир партияга таандык экендигин жашырышкан.

Ошол эле учурда айрым жергиликтүү тургундар көрктөндүрүү иштери "Ак Бата" саясий партиясы тарабынан шайлоо алдындагы иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн деген божомолдорду айтышкан.

С. Иванова "Ак Бата" саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна токтолуп, ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, шайлоочуларга пара берүү бул акча каражатын төлөө же бөлүштүрүү, материалдык баалуулуктарды жеткирүү же шайлоо өткөрүү мезгилинде кандайдыр бир кызмат ордун же башка артыкчылыктарды алууга көмөктөшүү болорун белгиледи.

Маалымат КР ИИМне, Башкы прокуратурасына, Бишкек АШКна жиберилген.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg