ЫАККТ маалымдайт: Депутаттыкка талапкерлер тарабынан жолдорду куруу жана оңдоо боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Котормо айылында жашаган Болотбек деген адамдан кабар түшкөн. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер К. Назарбаев жана  М. Бекташева айыл жашоочуларынын арасында добуш сатып алуу иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Тактап айтканда Котормо айылында жолдорду, арыктарды ремонттоо фактысы көрсөтүлгөн. Бул маалымат КР ИИМне, Ноокат АШКнын ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg