Паспорттук маалыматтарды жыйноо фактысы боюнча иликтөө башталды

16-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Л. Нескина аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Ал Жайыл районундагы Калининское айылнда жашайт, айтымына караганда айылдагы орто мектептин мугалими ага бекер көмүр алып келип берем деп анын өзүнүн, күйөөсүнүн жана көчөдөгү башка жашоочулардын паспортторун жыйнап кеткен. Ал ушул окуяны териштирип берүүнү суранат, себеби паспорттук маалыматтар добуш берүүгө колдонулуп кетеби деп шектенет. 16-сентябрда бул иш КР ИИМине жиберилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү