ЫАККТ маалымдайт: Карылардын паспорттук маалыматтарын чогултуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жашаган А.А.Моисеев менен В.Моисеевадан маалымат алышты, алар 5-апрелде журналист Ольга Ким 6-апрелде “Реформа” партиясынын өкүлдөрү аларга келерин айткан.

Ошол күнү пенсионерлерге "Реформа" саясий партиясынын агитатору катары таанышкан жигиттер келип, Моисеевдердин паспортторун сүрөткө тартып, №23 "Реформа" саясий партиясына добуш берүүнү суранышты.

"Реформа" саясий партиясынын агитаторлорунун бул иш-аракеттери алардын коопсуздугунан жана банктагы кичинекей аманаттарынан корккон бул улгайган жарандардын кыжырын келтирип, тынчсыздандырды.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg