ЫЧКТ кабарлайт: Шайлоочулардын добушу үчүн азык-түлүк пакеттерин бөлүштүрүү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Токмок шаарынын тургунунан "Эл Биримдиги" саясий партиясынын агитаторлору шайлоочулардын добуштары үчүн азык-түлүк пакеттерин таркатып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Токмок ШИИБне жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg