ЫАККТ билдирет: акча таратуу фактысы боюнча иликтөө башталды

24-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ) "Кактус медиа" маалымат агенттигинде Баяна Кулованын "Мелис Аспеков спортсмендерге 10 000 доллар тапшырды" деген видеосу талкуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Видеодо М. Аспеков бир нече адамдардын катышуусунда белгилүү спортсмендерге 10 миң доллар тапшырып жатат. М. Аспекоа КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун Чүй облусу боюнча шайлоо штабынын жетекчиси. Видео автору мындай акча таратуу КР шайлоо мыйзамын бузгандык жана КР Кылмыш кодексинин 192-беренеси боюнча шайлоочулардын добушун сатып алуу болуп эсептелээрин айтат. 24.12. 2020-жылы бул маалымат КР ИИМине берилди.

ЫАККТ БШК Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40 Э

лектрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg