ЫАКТ билдирет: Окутуучунун студенттер менен кат алышуусунун жарыялануу фактысы боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна «Кактус-Медиа» интернет сайтынын журналисти Марат Уралиев «Таза Шайлоо» рубрикасы астында Facebookка ОшМУнун тарых предметинин окутуучусу А.  Ормонованын ОшМУнун студенттери Алтынбек к. Айзат, Аскар к. Айпери, Каныбек к. Бактиян менен WhatsUppта кат алышуусунун үзүндүсүн жарыялагандыгы тууралу  маалымат келип түштү.

Кат алышуу процессинде А.  Ормонова кыздардан шайлоого байланыштуу Ош шаарында каттоодон өтүүнү суранат.

Мында аны Кара-Суу шаарынан, Нариман жана Кашкар айылдарынан келген студенттер айрыкча кызыктырган. Аталган жерлерден чыккандарга А.Т. Ормонова модулдарды автоматтык түрдө коюп берүүнү жана мамлекеттик сынактарда көмөктөшүүнү убада кылат.

2020-жылы 23-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү