ЫАККТ маалымдайт: Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан шайлоо агитациясын жүргүзгөндүгү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу “Бирге” саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер К.Чокеевден маалымат алып, ал Токмок  шаарындагы кварталдык комитеттин төрагасы Г. Квасова  "Эмгек" саясий партиясынын агитаторлорунун курамына кошулуп алып, аталган көчөнүн жашоочулары үчүн үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Видеодо Г. Квасова жашоочуларга агитаторлорду тааныштырып, “Эмгек” партиясынын агитациясына катышкан.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Токмок АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg