ЫАККТ кабарлайт: COVID-19 вирусун жуктурган талапкердин үгүт иштерин жүргүзүү фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна белгисиз адам телефон чалып, шаардык кеңештин депутаттыгына "Биздин эл" саясий партиясынан талапкер А.Кайратова шаар тургундарынын ден-соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирген коронавирус инфекциясын жуктургандыгына карабастан, аталган партияны колдоп, үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Маалымат КР ИИМне, Бишкек АШК ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg