ЫАККТ маалымдайт: Депутаттыкка талапкердин жеке маалыматтарын берүү өтүнүчү боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча Координациялык тобуна жиберилген маалымат шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы катары социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Көчүрмө-скрин материалда монолог камтылган, анда автор өз үйүнүн жашоочуларына кайрылып, шаардык кеңешке "Тынчтык" саясий партиясынан депутаттыкка ат салышып жаткандыгын билдирип, колдоочуларынын арасына каттоосу бар тургундарды гана жазууну өтүнөт. 
 Мындан тышкары, ал тургундардан толук аты-жөнүн, ИННди, каттоо дарегин жана телефон номерлерин көрсөтүүнү суранат. Комментарийлерде үйдүн жашоочулары талапкердин аракеттерине нааразычылыгын билдиришкен, ал үй комитетинин башчысы болуп туруп, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп жатканын билдиришкен.  Бул маалымат КР ИИМне, Бишкек АШКнын ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg