ЫАККТ билдирет: Участкалык комиссия менен бирге чоочундар катышкан факт боюнча иликтөө башталды

10-апрелде КР БШКнын ЫАККТ тобуна "Клооп медиа" коомдук фондунан Сатаров көчөсүндөгү #1347 шайлоо участогунда участкалык комиссия менен бирге чоочундар шайлоочулардын тизмесин алып, жарандардын шайлоо укуктарын бузуп жатканын билдирген кабар түшкөн. Байкоочунун айтымында, эртең мененки сегиз жарымдан бери байкоочулар менен бирге документтерин көрсөтпөгөн чоочун адамдар жүргөн. 10.04.2021. бул маалымат Бишкек АШКнын ЫАККТна жиберилди.
ЫАККТ БШК
Кыска номер - 1255
WhasApp - 0990 021255
Ишеним телефону - 0312 626246
Коомдук кабылдама - 0312 660240
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg