Паспорттук маалыматтарын берген шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнч иликтөө башталды

21-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Бишкек шаарынын жашоочусу А. Маметаипова кайрылып, ал жашаган үйдүн үй башчысы жана “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлору көрсөтүлгөн үйдүн жашоочуларына паспорттук маалыматтары үчүн 2000 сом берүү менен айтылган партияга добуш берүүгө мажбурлап жатышкандыгын айткан.

21-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү