ЫЧКТ маалымдайт: Жалал-Абад облусундагы добуштар үчүн пара берүү фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна "Жалпы иш" коомдук фондунан Жалал-Абад облусундагы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча видео келип түшкөн. Видеонун автору Мирлан аттуу жаран унаада отурган аялдарга кайрылып пакеттерди ачып көрсөтүп, шайлоочуларга таркатуу үчүн даярдалган пакеттерди жүк салгычтан түшүрүүнү суранат. Видеонун автору бул аялдар "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын үгүтчүлөрү экендигин жана шайлоочуларга пара берүү менен шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуп жаткандыгын көрсөтөт. "Жалпы иш" коомдук фонду окуя Instagramга жүктөлгөнүн белгиледи.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg