ЫАККТ маалымдайт: Пара берүү жана азык-түлүк пакеттерин таратуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна С. Аманбековдун Фейсбуктагы баракчасында Бишкектеги бир райондогу үйлөрдүн жашоочуларына машина токтоочу жерде эркектер менен аялдар азык-түлүк пакеттерин таратышып жатканы айтылган.

Ошол эле учурда, агитатор менен улгайган аялдын ортосунда сүйлөшүп жатканда, аялга добуш берүү үчүн көрсөтмө берилген саясий партиянын номери, буга чейин “Эмгек” саясий партиясынын агитаторунан тамак-аш пакетин алган аялдын аты-жөнү, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо №22 “Эмгек” саясий партиясына добуш берүүгө макулдугун берүү боюнча маалымат айтылган.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg