ЫАККТ маалымдайт: Пара алуу жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Талдык айылында жашаган адамдан маалымат алган, ал айылдагы орто мектептин директору Н. Султановдун айылдык кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоочулардын добуштарын пара катары алуу фактысы жөнүндө билдирди. Ошентип, билдирүүнүн автору “Сүмөлөк” майрамы О. Мадымаровдун үйүндө болуп, ал жерге аталган айылдын аксакалдары жана кадырлуу жарандары чакырылгандыгын көрсөткөн.

Бул майрамга Султанов Н. дагы чакырылып, ал катышкандар арасында анын талапкерлигин колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүп, айылдын аксакалдарына акча тараткан. Бул боюнча маалымат КР ИИМне, Кара-Суу АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg