ЫАККТ маалымдайт: Депутаттыкка талапкерлердин орто билиминин жоктугу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Кыргыз Республикасынын БШК мүчөсү К. Осмоналиевден маалымат алды, ал депутаттыкка Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык Кеңеши, № 7243 УШК, № 2 округунан талапкерлер: Исаев С., Кадыров Г., Токоев О., билим жөнүндө туура эмес маалыматтарды көрсөтүп, күмөн санаган орто билим жөнүндө документтерди тапшырышкан.

К. Осмоналиев жергиликтүү кеңештин депутаты болуу үчүн толук орто билимдүү болушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, 2007-жылы К. Токоевго алдамчылык үчүн кылмыш иши козголгон деген маалымат бар Бул маалыматты текшерүү үчун Башкы прокуратурага, КР ИИМне жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg.