ЫАККТ маалымдайт: Депутаттыкка талапкер тарабынан спорттук мелдешти уюштуруу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат алышкан, 2021-жылдын 5-апрелинде саат 13.00дө Ош облусунун Өзгөн шаарында "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан шаардык кенешке талапкер Анвар-палван аттуу Анварбек Абдукаимов Тынчтык паркында кичистадиондо улуттук күрөш боюнча спорттук мелдеш уюштурганын билдирген. Бул спорттук иш-чаранын кулактандыруусу 4-апрелде Өзгөн Хабар тобу аркылуу таркатылды. Бул спорттук иш-чарада баалуу сыйлыктарды бөлүштүрүү уюштурулган.

Мындан тышкары, "Жалпы иш" коомдук фонду иш-чара санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабай өткөндүгүн көрсөтүүдө. Ошондой эле "Жалпы иш" коомдук фонду спорттук иш-чарада укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар экендиги белгиленип, андан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүн баса белгиледи.

"Жалпы иш" коомдук фонду "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын үгүт баннерлеринде чыгуу маалыматы жок экендигин көрсөттү. Бул боюнча маалымат КР ИИМне, Өзгөн АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg