ЫЧКТ маалымдайт: Түшкөн арыз боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылы 15-мартта Бишкек шаарынын тургуну, жаран Л.М.Денкевич Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна кайрылып, үй башчысы белгисиз эркек кишинин коштоосунда батирлерди кыдырып, тургундар шайлоого барышарын сурап жүргөнүн билдирген.

Денкевич Л.М. ондогон жылдардан бери ушул үйдө жашап келгенин, добуш берүүгө ак ниеттүүлүк менен катышкандыгын жана көптөгөн ижарачылар жумушта жүргөндө үй башчысы белгисиз адам менен добуш беришеби деп батирлерди кыдырып жүргөнүн көрсөткөн.

15.03.2021-жылы маалымат Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

ЫАККТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg