ЫАККТ билдирет: агитаторлорду алдоо фактысы боюнча иликтөө башталды

26-декабрда КР БШК ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна (ЫАККТ) Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жашаган А. Суракматовадан кайрылуу түштү. Ал 2020-жылдын ноябрынан бери КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун аталган айылдагы агитатору болуп иштегенин билдирген. Андан ары ал жетекчилер тарабынан агитаторлорго иши үчүн 15 миң сом, андан кийин 7 миң сом төлөө боюнча убада беришкенин, азыр болсо 5 миң сом гана төлөп берүү тууралуу айтылып жатканын келтирет. 
А. Суракматова өзүнүн жетекчилеринин алдап жатканына нааразылыгын билдирип, бул маселени кароону өтүнөт.
26.12.2020-жылы КР ИИМине маалымат берилип, Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына да билдирилди.
ЫАККТ БШК
Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg