ЫАККТ маалымдайт: Имараттан тышкары добуш берүүдө мыйзам бузуу фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Ош шаарында жашаган, "Улуттар биримдиги" саясий партиясынын байкоочусу А Мамановадан маалымат алган. Ал №5309 участкалык шайлоо комиссиясында имараттан тышкары добуш берүүдө, үй комитетинин төрагасы Т. Арашева шайлоо жайынан тышкары жерде добуш берген шайлоочулардан паспортторду чогултуп алып, добуш берүү алдында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда шайлоочуларга берген. Бул маалымат КР ИИМне, Ош АШКнын ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg