ЫАККТ маалымдайт: "Бирге" саясий партиясынын агитаторунун сабалышы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер "Бирге" саясий партиясынан К.Чокеевден маалымат алып, ал мындай деди: 2021-жылдын 8-апрелинде саат 15.00дө үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө "Эмгек" саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан уюштурулган иш-чара Токмоктогу Саадаева – Родниковая көчөсүндө Токмоктун жашоочулары менен Ч.С.Сыдыкова, Д.Амангелдиева, Т.Солтобаева менен өткөн. К. Чокеевдин айтымында, "Бирге" саясий партиясынын агитатору Ольга Карасюк ошол жерде сабалган.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ЫАККТ Токмок АШКга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg