ЫАККТ билдирет: административдик ресурс колдонуу фактысы боюнча иликтөө башталды

26-декабрда КР БШК ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине түшкөн кабарда төмөнкү маалымат айтылган.  Фейсбуктагы "Шайлоо 2021" тобунда Бектур Жумабековдун маалыматы жарык көрүп, анда ага КР Москвадагы (Россия) элчилигинде каттоодон өтүп жаткан учурда "Садыр Жапаровго добуш бересиңби?" деген суроону элчиликтин кызматкери берген. Маалыматтын авторунун пикири боюнча, бул факт административдик ресурс колдонуу болуп саналат. 26.12. 2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине кабар берилди.
ЫАККТ БШК
 Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg

дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg