ЫАККТ билдирет: Ар башка саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан мушташ боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу 2021-жылдын 8-апрелинде Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө №4 "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы менен №8 "Улуттар Биримдиги Элдик партиясы" саясий партиясынын ортосунда өз ара кемсинтүүлөрдүн натыйжасында мушташ башталган. Бул саясий партиялардын өкүлдөрү саясий көз караштарын тактоону улантып, үгүт плакаттарын айрып башташкан.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ош АШКнын ЫАККТна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg