ЫЧКТ маалымдайт: Саясий партия тарабынан жолдордун жакшырышын иликтөө башталды

2021-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу "Kloop.media" коомдук фондунун баракчасында А. Айбекованын “Ак Бата” саясий партиясы Кудайберген жаңы конушунун көп кабаттуу үйлөрүнө баруучу жолдорго, Волков-Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине шагыл төгүп жатканы талкууланып жатканы боюнча маалымат алды.

Бул конушунун тургундары жолдорго шагыл төшөө процесси "Ак Бата" саясий партиясынын логотиби түшүрүлгөн жилет жана чепкен кийген "Ак Бата" саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан жасалганын белгилешти.

Бул факт боюнча маалымат текшерүү жана тергөө үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Бишкек АШКнын ЫАККТга жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg