ЫАККТ билдирет: Жарандарды бекер ташуу фактысы боюнча иликтөө башталды

21-декабрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номуруна Жалал-Абад облусундагы "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлдөрү А. Жумабековадан, Г. Ашырбековадан 15 декабрда КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда жарандарды бекер ташыган фактылар катталгандыгын билдиришкен. Так айтканда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы Мукур айылынын WhatsApp топторунда уюштуруучулардын 16-декабрда саат 15: 00дө КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров менен жолугушуусуна бекер ташуу болорун билдирген кайрылуулары жарыяланган. "Жалпы иш" коомдук фонду укук коргоо органдарын бул фактыны текшерип, эгер анын чын экени ырасталса, белгилүү бир талапкердин жолугушуусуна элди бекер факты ташуусу боюнча мыйзамда кабыл алынган чараларды көрүү талабын коет. 21.12. 2020-жылы КР Башкы прокуратурасына, КР ИИМине кабар берилди. ЫААККТ БШК     ЫАККТ билдирет: агитациялык жолугушууга мугалимдерди ташуу фактысы боюнча иликтөө башталды  21-декабрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номуруна "Жалпы иш" коомдук фондунун өкүлдөрүнөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы мугалимдерди КР Президенттигине талапкер С. Жапаров менен жолугушууга мугалимдерди барууга мажбурлашып, аларды бекер транспорт менен камсыз кылышканы тууралуу маалымат түшкөн. "Жалпы иш" коомдук фонду бул ишти текшерип, тиешелүү чара көрүүнү суранат. 21.12.2020-жылы бул тууралуу КР Башкы прокуратурасына, КР ИИМине кабар берилди.

ЫАККТ БШК

БШК ЫАККТ кыска номери - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46 Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40.

Электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg