Мечитте агитация кылуу фактысы боюнча иликтөө башталды

18-сентябрда Facebookто Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылындагы мечитте КР ЖК депутаттыгына талапкер Сайдолимжан Жураев агитация жасап жаткандыгы боюнча видео жана ага комментарийлер жарыяланган. Мыйзам боюнча агитацияга диний ишмерлерди тартууга тыюу салынат. КР дин иштери боюнча башкармалыгы шайлоо алдында агитацияларды диний жайларда өткөрбөө тууралуу имамдарга эскертүү берип келген. 18-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу бул маалыматты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү