Facebookто агитация жүргүзүү фактысы боюнча иликтөө башталды

16-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Facebookто жайгашкан маалымат боюнча кабар түштү. Анда Иса Өмүркүлов Кант шаарынын мугалимдери менен жолугушуп, аларды “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш берүүгө агитация жасаган. Так айтканда ал “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы күчтүү экендигин, партиянын программасы көп нерселерди убада кылаарын айткан. Партиянын программасында мугалимдерге жана дарыгерлерге айлык акыларды көтөрүү маселеси бар.

16-сентябрда бул маалымат Башкы прокуратурага жиберилип, ага Кант шаарындагы орто мектепте Иса Өмуркүловдун сүйлөгөн сөзү тиркелген.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү