Ишкананын директору тарабынан агитация жасоо фактысы иликтене баштады

19-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна интернет тармагында жарыяланган маалымат түшкөн. Анда “Ош – Сары – Таш Иркештам” автожолунун №960-ДЭУсунун директору Медербек Апийдинович Маткасымов “Биримдик” партиясы үчүн агитациялык иштерди жүргүзүп жаткандыгы айтылган.

Маалыматка Сары-Таш айылындагы видео тиркелген. 19-сентябрда маалымат КР ИИМине жиберилди, иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү