ЫАККТ маалымдайт: Депутаттыкка талапкерден азык-түлүк пакеттерин даректүү таркатуу фактысы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылы 5-апрелде КР БШК ЫАККТна Өзгөн районундагы Куршаб айылында жашаган Абдиламид уулу О. кайрылган. Ал 4-апрелде жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер Уулкандан ар кандай азык-түлүк топтомун (бир бутылка арак, 1 кг кесме, 1 кг печенье) таратканын билдирген. Автор Уулкан тарабынан мындай азык-түлүк таратуу шайлоо мыйзамын бузгандык жана добуштарды сатып алуу болорун билдирген. Бул маалымат КР ИИМне, Өзгөн АШК ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg