№2405-шайлоо комиссиясынын участогуна жарандарды ташып келүү фактысы боюнча иликтөө башталды

БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун мүчөсү А. Абдырахматова 6- сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Кыргыз Республикасындагы шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча WhatsAppтагы маалымат тууралуу билдирди, бул факт интернетте активдүү талкууланып жатат. 
Аксы районундагы Аксы колледжинин имаратында жайгашкан №-2405 шайлоо комиссиясынын участогуна жарандарды массалык түрдө ташып келип, Ф 2 формасы боюнча арыздарды толтуруу жана каттоо жүрүп жаткандыгы келтирилген. Жарандар укук коргоо органдарынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча чараларды көрүүнү талап кылып жатышат. 
Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар КР ИИМине жиберилди, иликтөө башталды. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү