№11-МАБдын мыйзам бузгандыгы фактысы боюнча иликтөө башталды

7-сентябрда БШК мүчөсү Г. Журабаева  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна  WhatsApp жана Facebookто пайда болгон №11-МАБдын башчысы Э. Абдуллаева Бишкектин 3-4-5-кичирайондорунун үй башчыларын  “Биримдик” саясый партиясы үчүн үгүт жүргүзүүгө мажбурлагандыгы фото жана видеоматериалдарда көрсөтүлгөндүгун билдирген. 
Текстте ар бир үй башчысынын алдына аткаруунун так планы коюлганы көрсөтүлөт. Жарандардын комментарийлеринде бул фактыга нааразычылыктар айтылган. 
7-сентябрда №11-МАБ башчысынын үй башчыларын агитация жасоого мажбурлагандыгы боюнча факт КР ИИМине жиберилди, иликтөө башталды. 
КР БШК Маалыамттык бөлүмү