ЫЧКТ билдирет: Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Биримдик” партиясы үчүн үгүттөө боюнча териштирүү башталды

2020-жылы 10-сентябрда КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Нурсултан аттуу окутуучусунан маалымат келип түштү, ал аталган ЖОЖдун ректорат профессор-окутуучулар курамынан паспортторун берип, “Биримдик” саясий партиясын колдоо үчүн 2-форма боюнча каттоодон өтүүнү талап кылып жатканын билдирди. Андан кийин маалыматтар “ЖалалАбад” курортуна жакын турган “Биримдик” саясий партиясынын штабына жөнөтүлүүдө.

Андан ары Нурсултан макул эместигин билдирген окуу мекемесинин кызматкерлерине жумуштан бошойсуңар деген эскертүү айтылганын көрсөттү.

2020-жылы 10-сентябрда маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү