ЫАККТ билдирет: үгүт жыйындарына МАБ жетекчилеринин катышуусу боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров, Ташлак, Кыргыз-Чек айылдарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилери КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн үгүт жыйындарын жеке курамдын катышуусу, кызматтык имараттарды колдонуу, байланыш каражаттарын жана трнаспортту колдонуу менен өткөрүп жатышкандыгы тууралуу айтылган.  28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Кара-Суу АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg