ЫЧКТ билдирет: Окуучулардын ата-энесин талапкер менен жолугушууну уюштурган директор боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 6-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун Whatsapp номерине “Жалпы иш” коомдук фондунан, Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы №82 орто мектептин директору Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаров менен жолугушууга мугалимдер аркылуу окуучулардын ата-энелерин алып барууну уюштурганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

07.01.2021г. Маалымат ИИМге, Башкы прократурага жиберилген.

 

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg