ЫЧКТ маалымдайт: Шайлоого катышкандыгы үчүн психологиялык кысым көрсөтүү жана кызматтан алуу боюнча тергөө башталды

2021-жылдын 26-мартында КР БШКнын ЫАККТна Ош шаарында жашаган, “Улуттар биримдиги” партиясынан депутаттыкка талапкер А.Жээнбеков кайрылды. Ал мурда "Манас ата" МТУсунда иштегендигин, 2021-жылдын 15-февралында “Улуттар биримдиги” саясий партиясынан шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер көрсөтүлгөндүгүн, ал эми 16-февралда Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Ж.Осмонова тарабынан бир нече жолу психологиялык кысымдан кийин, ээлеген кызматынан бошотулган.

Мындан тышкары, А.Жээнбеков Ош шаарынын прокуратурасы анын арызын карап, андан ары карап чыгуу ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлө тургандыгын, бирок көрсөтүлгөн убакыт аралыгында ал Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырылбагандыгын маалымдады.

А.Жээнбеков аппарат жетекчисинин кызматтан бошоткон чечими менен макул эместигин көрсөтүп, ички иштер органдары тарабынан кошумча иликтөө жүргүзүүнү суранды.

Маалымат текшерүү жана кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg