ЫАККТ билдирет: банк кызматкерлерине кысым көрсөтүү боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Араван айылындагы Ош 3000 көчөсүндө ЖЧК "Мөл булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын жетекчилиги тарабынан банктын кызматкерлерине КР Президенти кызматына талапкер Б. Толбаев үчүн добуш берүүгө кысым жасалып жаткандыгы айтылган. Эгер мындан баш тартышса кызматкерлерди иштен кетирүү менен коркутуп жатышкандыгы келтирилген. Филиалдын номери: 3231 26458. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Араван АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg