ЫЧКТ маалымдайт: Үгүт плакаттарын РЭСтин автовышкасына илүү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган Ч.Сыдыковадан маалымат алды, ал жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу учурунда, Токмок РЭСтин башчысы административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланып, Токмок РЭСтин аба аянтчаларын "Бирге" саясий партиясынын үгүт плакаттарын илүүгө бергенин кабарлаган.

Мындан тышкары, Ч.Сыдыкова Токмок РЭСтин башчысы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Самаев, С.Исманов тарабынан, “Большой” аттуу криминалдык авторитеттин катышуусу менен, Токмок РЭСтин кызматкерлерине “Бирге” саясий партиясы үчүн үгүт жүргүзүүдө кысым көрсөткөндүгүн көрсөткөн. Андан ары Ч. Сыдыкова У. Самаев "Бирге" саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Н. Самаеванын бир тууган агасы болгондуктан, С. Исманов "Бирге" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Э. Исманованын бир тууганы болгондуктан, жеке саясий кызыкчылыктардан улам, ушул саясий партиянын шаардык кеңешке өтүшү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышканын билдирген.

Бул маалымат КР ИИМне, Башкы прокуратурасына, Токмок АШКнын ЫАККТына жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg