ЫАККТ билдирет: КР президенттигине талапкердин жолугушуусу башка талапкердин пайдасы үчүн үзгүлтүккө учурагандыгы боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында КР Президенти кызматына талапкер А. Мадумаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу белгиленгендиги айтылат. Маданият үйүнүн башчысы шарты жоктугун айтып, жолугуштуруудан баш тартат. Бирок ошол эле күнү Маданият үйүнүн жанындагы аянтта КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров менен шайлоочулардын жолугушуусу өткөн. А. Мадумаровдун агитаторунун айтымында, бул иш атайын жасалып, С. Жапаровдун жолугушуусу көрсөтүлгөн күнү өтүшүнө бардык аракеттер жасалган. Ошентип А. Мадумаровдун бул айылдагы жолугушуусу үзгүлтүккө учурап, бул жерде жолугушуу болобу, болбойбу, суроо жаратат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Алай АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg