ЫЧКТ билдирет: Паспорттук маалыматтарды чогултуу боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 6-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун Whatsapp номерине Гулмира Абдразакова Facebook баракчасында “Садыриттер, буга эмне дейсиңер? Сатылма маңкурттар” видеосу талкууга алынганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Видеодо Исакова Наргиза Болотовна деген 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун тарапташы өзүнүн жана күйөсүнүн атынан толтурулган үлгүдө арыздарды алып келип домкомду паспорттук маалыматтарды толтуртуп өзүнө кайра берүүнү талап кылган. Тарапташынын арызы.

Автордун айткан сөзүндө анын үй бүлө мүчөлөрүнүн эч кими домком сураган маалыматты беришкен эмес жана КРнын Президенти кызматына талапкерлердин кимисин колдошоорун билдиришкен эмес.

 

 

Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилди.

 

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg