ЫАККТ билдирет: Сузак районундагы Жыгач-Коргон айылында паспорттук маалыматтарды жыйноо боюнча иликтөө башталды

28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы агитаторлору шайлоочулардын үйлөрүнө агитация жасашып, паспорт маалыматтары менен анкета толтуруп жатышкандыгы айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Сузак АШКна билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg