ЫЧКТ маалымдайт: Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен үгүт иш-чараларын өткөрүү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Тимур аттуу жарандан билдирүү келип түшкөн, ал Фейсбукта Нарын шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясынан талапкерлер активдүү талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат билдирген. Нарын шаарынын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан: Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынын директору Э.Чымылдаков, аталган мекеменин бөлүм башчысы Орозбаев Р., Жамбаев Э., Усубалиев Б., Нарын шаардык муниципалдык ишкананын кызматкерлери шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу менен үгүт иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Андан ары, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын расмий интернет аккаунту аркылуу аталган мекеменин жетекчилери жана кызматкерлери "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын пайдасына жарандарды үгүттөп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Маалымат Нарын АШКнын ЫАККТна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg