ЫЧКТ маалымдайт: "Улуттар Биримдигинин Элдик Партиясы" менен шайлоого катышкандыгы үчүн кызматтан бошотууну изилдөө башталды

2021-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош шаарында “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын штабынын башчысы Т.Рахманбердиевден билдирүү келип түшкөн. Ош шаарындагы №3 "Курманжан Датка" МТУнун кварталдык комитетинин төрагасы болуп иштегенин жана "Улуттар Биримдиги Элдик партиясынын" шайлоосуна катышкандыгы үчүн Ош шаарындагы №6 МТУнун башчысы В.Файзова кызматтан кетүүгө аргасыз кылгандыгын айткан.

Т.Рахманбердиев В.Фаизова “Улуттар Биримдиги Элдик саясий партиясынан” шайлоого катышкандыгына байланыштуу аны бир нече жолу өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, коркутуп, өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууга мажбурлаганын көрсөткөн.

Мындан тышкары, Т.Рахманбердиев белгилегендей, Ош шаарынын прокуратурасы анын арызын карап, андан ары кароо ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлө тургандыгын, бирок ошол убакыт аралыгында ал Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырылбагандыгын билдирди.

Т.Рахманбердиев кызматтан бошотуу боюнча №6 МТУнун башчысы В.Фаизованын чечими менен макул эместигин көрсөтүп, ички иштер органдары тарабынан кошумча тергөө жүргүзүүнү суранды.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg