ЫЧКТ маалымдайт: Шайлоого катышууга байланыштуу мажбурлап бошотуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна Ош АШКсына жаран Н.Салиевадан билдирүү келип түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн, ал Ош шаардык администрациясынын аппарат башчысы аны шайлоого "Улуттар биримдиги" саясий партиясынан талапкер катары катышкандыгына байланыштуу, Ош шаарынын мэриясынын райондук кеңешинин төрагасы кызматынан кетүүгө арыз жазууга жана отставкага кетүүгө аргасыз кылганын билдирген.

Бул маалымат Ош АШКна, Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg