ЫЧКТ маалымдайт: Ош шаарындагы №4 кварталдык комитеттин төрагасынын кызматынан мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылы 26-мартта Ош шаарында жашаган Х.Ахмедов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна кайрылып, ал буга чейин Ош АШКна Ош шаарынын №4 кварталдык комитетинин төрагасы кызматынан мыйзамсыз бошотулгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылганын билдирген.

Х.Ахмедов 2010-жылдан бери "Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы" саясий партиясынын мүчөсү экендигин көрсөттү.

2021-жылдын 5-февралында ал аталган партиядан депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, эртеси күндөн баштап №1 "Туран" МТУнун төрагасы Мирзабаев Р. кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууну талап кыла баштаган.

Х.Ахмедов 2021-жылдын 1-мартынан баштап кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууга мажбур болгонун жана 2021-жылдын 4-февралынан тартып жумуштан алынгандыгын көрсөттү.

Арызында Х.Ахмедов кызматтан бошотуу фактысы боюнча чечимге макул эместигин көрсөтүп, ички иштер органдары тарабынан кошумча тергөө жүргүзүүнү суранган.

Маалымат текшерүү жана кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg