ЫЧКТ: Талапкер менен жолугушууга жарандарды массалык ташылуусу жөнүндө иликтөө башталды

2021-жылы 6-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун Whatsapp номерине Кара-Суу району боюнча “Таза шайлоо” Юридикалык жактардын бирикмесинен маалымат келип түшкөн. Ош областынын Кара-Суу районунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаров менен болгон жолугушууга жашоочуларды массалык түрдө жеткирүү боюнча айтылат. Кара-Суу району боюнча “Таза шайлоо” Юридикалык жактардын бирикмесинен байкоочу Э.К.Икрамова, жарандарды жеткирүүгө Ош шаарынын ички жана Ош областы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдагы автобустар тартылганы, алар жакын жайгашкан айылдардан адамдарды талапкер менен жолугушууга алып келүүсү тууралуу көрсөтмөнү бригадиринен алышканы тууралуу билдирген.

 

07.01.2021-ж.. Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилдген

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg