ЫЧКТ билдирет: Көз карандысыз байкоочуга болгон кысым боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 5-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна WhatsApp номерине “Жалпы иш” коомдук фондунан, Кара-Суу РИИБнын кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттөгү байкоочуга кысым көрсөтүлгөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

Маалыматта милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн байкоочу РИИБга шайлоо участокторунда шайлоо мыйзамдарынын бузулбаганы жөнүндө “баш тартууну” жазып беришин талап кылышканы көрсөтүлгөн.

“Жалпы иш” коомдук фонду суроо узатат: “Кара-Суу милициясы ким тарбында иштейт: мыйзамдын тарабындабы же бузуучулар тарабындабы?”

05.01.2021-жылы маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg